27.11.2018 11:38

Казакстанда көп кабаттуу үйдө канталага каршы дары чачуудан эки адам каза тапты

Казакстанда көп кабаттуу үйдө канталага каршы дары чачуудан эки адам каза тапты

Казакстанда көп кабаттуу үйдө канталага каршы дары чачуудан эки адам каза тапты. Бул туурасында КТК билдирди.

Окуя Мангистау облусунун Мунайлы районунда болгон. Анда көп кабаттуу үйдүн тургуну батириндеги канталадан кутулуу үчүн «Таракан-нет»  жеке менчик компаниясынын  кызматкерлерин чакырган. Дезинсекция жүргүзгөндөн кийин эки башка үй-бүлөдөн 6 адам ооруканага жеткирилген. Алардын экөө - 29 жаштагы медсестра Шынарай Сүйүндүк жана 2 жаштагы Фируза Дастан кызы каза болуп калган. 

Жергиликтүү тургундардын бири Дүйсенбай Сарсенбайдын айтымында, канталага каршы уу чачылаары тууралуу жашоочуларга эч кандай эскертүү берилген эмес. Үй-бүлө адаттагыдай эле кечки тамакка чогулган. Бир аздан кийин үй ээсинин келини жана 6 жаштагы небереси өздөрүн жаман сезип, эсин жоготуп башташкан. Бир нече убакыттан кийин үй ээси жана аялында окшош белгилер пайда болгон.  

«Биз «Тез жардам» кызматын чакырдык, бирок, келиним Шанырай ооруканага бара жаткан жолдон эле каза болуп калды. Уулум командировкада болчу, аялынын каза болгонун келгенде укту», - дейт  каргашалуу окуя болгон үй ээси Дүйсенбай Сарсенбай. 

Санитардык дарыгерлердин айтымында, аялдын өлүмүнө токсикологиялык уулануу себеп болгон.  Канталаны жоготуу үчүн компания кызматкери квикфол колдонгон, ал абанын таасири алдында уулуу газ пайда кылат. 

Бул факт боюнча жергиликтүү полиция 104-берене менен (байкабай киши өлүмүнө алып келүү) кылмыш ишин козгоду. Кызматты чакырган батир ээси «өлкөдөн чыкпоого» милдеттендирилди. Ал каргаша учурунда үйүндө болгон эмес. 

Дары чачкан компаниянын кызматкери Актау шаарынын ИИБинин тергөө изоляторуна киргизилди.  Ал  жашоочуларга эскертүү берилгенин айтууда. Ошондой эле, компаниянын дезинсекция жүргүзүүгө уруксааты бары-жогу текшерилет. 

Ооруканага жаткырылган 4 бейтаптын ичинен азыр  каза болгон 2 жаштагы кыздын апасы гана калды. Кыздын атасын, каза болгон келиндин 6 жаштагы уулун, кайненесин чыгарышкан. Дарыгерлердин айтымында, чоң энеси Ферузаны ооруканадан алып кетип калбаганда, аны сактап калуу мүмкүн болчу. Небересинин абалы туруктуу экенин айткан чоң эне врачтардын айтканына көнбөй, тил кат жазып берип, үйүнө кетип калган. Уулануу очогуна кайра барган бөбөк экинчи ирет уунун таасирине туруштук бере алган эмес.

Каргашадан кийин үйдөн 120 тургунду эвакуациялашкан. Алар уулуу газдар тарап кетмейинче,  батирлерине кире алышпайт. Учурда көп кабаттуу үйдүн тургундары туугандарыныкында жашап турууга аргасыз.