11.10.2018 14:08

Казакстанда мектеп окуучулары баланы мамыга таңып коюп, келекелешти

Казакстанда мектеп окуучулары баланы мамыга таңып коюп, келекелешти

Казакстанда мектеп окуучулары өздөрү курактуу баланы мамыга скотч менен таңып, жумуртка менен ургулашты. Өспүрүмдөрдүн жосунсуз жоругунун тасмасын социалдык тармактарга Smartnews басылмасы таратты. 

Тасмада болжол менен 6-7-класстын окуучулары өздөрү менен тең чамалаш баланы мамыга таңып коюп, жумуртка жана башка колуна тийген нерселер менен башка чаап жатышат. 

Сөгүнүп жаткандардан анда-санда «Ыйлаба, ойноп жатпайбызбы», «Коркпо, кийимдериңди жууп аласың» деген сөздөрдү угууга болот.