06.11.2018 18:44

Казакстанда жолго чыга калган жылкынын айынан 5 адам каза тапты

Казакстанда жолго чыга калган жылкынын айынан 5 адам каза тапты

Казакстанда жолго чыга калган жылкынын айынан 5 адам каза тапты. Бул туурасында Түркестан облусунун полициясына таянып, Tengrinews.kz жазып чыкты.

Кырсык 5-ноябрда болжол менен түнкү саат 01.00дө Шардара-Абай унаа жолунда болгон. Полиция кызматы тактагандай, «МАЗ» жүк ташуучу унаасынын айдоочусу жолго чуркап чыккан  жылкыны сүзүп алган. Мындан соң, унаа каршы тилкеге чыгып, ал жактан «Lexus» үлгүсүндөгү унаа менен кагышкан.

Жол кырсыгынан «Lexus» унаасынын айдоочусу, Алматы шаарынын тургуну жана анын 4 жүргүнчүсү окуя болгон жерде каза тапкан.

Дагы бир жүргүнчү, Өзбекстандын жараны жаракаттар менен райондук оорукананын жандандыруу бөлүмүнө жеткирилген.

Бул факт боюнча экспертиза дайындалып, иликтөө башталды. Жүк ташуучу унаанын айдоочусу камакка алынды. Учурда полиция кызматкерлери жылкынын ээсин табууга аракет кылышууда.