23.01.2019 13:58

Казакстанда өткөн спорттук мелдеш учурунда кыргызстандык окуучу каза тапты

Казакстанда өткөн спорттук мелдеш учурунда кыргызстандык окуучу каза тапты

Казакстанда өткөн спорттук мелдеш учурунда кыргызстандык окуучу каза тапты. Бул туурасында Фейсбуктагы баракчасында блогер Улан Жумаков билдирди.

«Өкмөттөн биздин окуучуга эмне болгонун териштирүүнү суранам. Баланын Казакстанда каза табышына эмне себеп болду? Бүгүн мектептин фойесинен көрүп, эмне болгонун сурасам, Казакстанга спорттук мелдешке катышуу үчүн кетип, Алматада каза тапканын айтышты», -деп жазат блогер. 

Бишкектеги мектептердин биринде окуп келген өспүрүм 14 жашта болгон.

Бул кырсык тууралуу казак ЖМКлары дагы жазып чыгышкан. Алардын маалыматына караганда, спорттун беш түрү боюнча бул мелдешке жалпысынан  коңшу өлкөдөн жана Кыргызстандан 30 окуучу катышкан. Алар кылыч чабышуу жана сууда 200 метрге  эркин сүзүү боюнча таймашып бүтүшкөн. Кырсык 2400 метрге чуркоо учурунда орун алган. 

«Кыргызстандан келген өспүрүм мүдүрүлүп, жолго жыгылып түштү. Ага дарыгерлер чуркап келип, биринчи жардм көрсөтүп башташты. «Тез жардам» унаасы болжол менен 20-30 мүнөттө жетип келди. Ал учурда бала тирүү болчу. Бирок, спортчуну сактап калууга болгон жок. Бул окуя болор менен мелдешти дароо токтотуп, катышуучулардын баарын ал жерден чыгарып жиберишти», -деп билдирген күбө. 

Чуркоо боюнча мелдешке чейин маркум 30 баланын арасынан 19-орунда (Кыргызстандан баргандардын арасында 2-орунда)  келе жатканы айтылат. Анын өлүмүнүн расмий себеби азырынча белгисиз.

April.kg жамааты жаш спортчунун ата-энесине жана жакындарына көңүл айтат.