08.02.2020 20:37

Казакстандагы массалык мушташ. Карапайым жарандар гуманитардык жардам чогултууда

Казакстандагы массалык мушташ. Карапайым жарандар гуманитардык жардам чогултууда

Казакстандан келген качкындарга гуманитардык жардамды катардагы жарандар берип жатышат. Бул тууралуу April.kg маалымат агенттигине билдиришти.

Кыргызстандагы дунган диаспорасынын өкүлү Ашера Халикова маалымдагандай, жабыр тарткандарды бөлүштүрүп, ташууну дагы кайдыгер карабагандар мойнуна артышкан.

Учурда Кыргызстандын күч структуралары тартипти көзөмөлдөп жатышат.

«Кайдыгер карабаган кыргызстандыктар чоң жардам көрсөтүшүүдө. Бүткүл облустардан тамак-аш азыктарын алып келишүүдө. Керек болсо Москвадан бери чалышты. Абал оор эле, чек арада балдар, аялдар ыйлап жатышат», - дейт Халикова.

Эске салсак, 7-февралдын кечинде Жамбыл облусунун Кордай районуна караштуу Масанчи жана Сарытөбе айылдарында жергиликтүү тургундар арасында жапырт мушташ болгонун Казакстандын Ички иштер министрлиги кабарлады.

Масанчи менен Сарытөбе Кыргызстан менен чек аралаш аймакта, Токмок шаарына тушташ жайгашкан Казакстандын айылдары.

Бул айылдарда казактардан тышкары дунгандар да жашайт.

Казакстандын укук коргоо органдары мушташка эмне себеп болгонун кабарлаша элек.

Кыргызстандын Чек ара кызматы Кордай районундагы башаламандыкка байланыштуу кыргыз-казак чек арасында кайтарууну күчөттү. Бул тууралуу мекеменин маалымат кызматы тараткан билдирүүдө айтылат.