19.05.2020 11:15

Оренбургда ара жолдо калган кыргыз жарандарына Казакстан жол ачат

Оренбургда ара жолдо калган кыргыз жарандарына Казакстан жол ачат

Казакстан Россиянын Оренбург облусунун Бузулук шаарында чатырда жашап жаткан кыргызстандыктарды алып кетүү үчүн транзиттик коридор ачып берет. Бул тууралуу Казакстандын элчилигинен билдиришти.

Маалыматка караганда, 17-майда Кыргызстандын элчилиги Казакстандын Тышкы иштер министрлигине кыргыз жарандарын Россиядан алып чыгып кетүү үчүн коңшу өлкөнүн аймагында транзиттик коридор менен камсыздоо боюнча нота жөнөткөн.

«Аталган кайрылууга ылайык 18-майда Казакстандын өкмөтүнүн алдындагы коронавирустун жайылуусун алдын алуу боюнча түзүлгөн ведомстволор аралык комиссиянын отурумунда коридор ачып берүү чечими кабыл алынды. Кыргызстандын жарандары жүргүнчү ташуучу транспорт менен алынып кетиши керек. Учурда Кыргызстан тарап менен транспорт маселеси иштелип жатат», — деп айтылат маалыматта.

Эске сала кетсек, орус-казак чек арасында бир айдан бери ара жолдо калган кыргызстандык эмгек мигранттары «жашыл коридор» ачып тезинен алып кетүүнү өтүнүшүүдө. Учурда алар Оренбург облусунун Бузулук шаарынын аймагында чатырларда жашап жатышат.