Соль-Илецктен келген кыргызстандыктар обсервациядан качууга аракет кылышкан  

Соль-Илецктен келген кыргызстандыктар обсервациядан качууга аракет кылышкан  

Жакында эле Соль-Илецктен кайтып келген кыргызстандыктар  обсервациядагы медиктердин талаптарына  баш ийбей жатат. Бул тууралуу саламаттыкты сактоо министринин орун басары Нурболот Үсөнбаев брифингде билдирди. Анын айтымында карантинге алынгандар арасында качып кетүү учурлары катталды.

“Соль-Илецктен алынып келинген жарандардын арасында карантиндик тартиптин талаптарын аткарбагандар бар. Обсервацияда жүрүү эрежелерин бузуп, качып кетүү учурлары да катталды. Ошондуктан тартипке келтириш үчүн милицияга кайрылууга аргасыз болдук. Алар өзүнүн туугандарын, ата-энелерин, тааныштарын кандай тобокелчиликке жана коркунучка түртүп жатканын түшүнбөй жатышат”, - саламаттык сактоо министринин орун басары Нурболот Үсөнбаев.

Ал ошондой эле качып кетүү аракеттери жокко чыгарылып, учурда кырдаал көзөмөлгө алынганын кошумчалады.

Белгилей кетсек, 7-майда Соль-Илецктен Кыргызстанга 541 мигрант кайтып келген, алардын ичинен 55 адамдан коронавирус табылганы маалымдалды.

Бүгүнкү күндө өлкөдө коронавирус илдетине чалдыккандардын саны 1002 кишиге жетти. Республика боюнча бүгүнкү күнгө чейин жалпы 675 бейтап айыгып, ооруканадан чыгарылды. 12 адам көз жумган.