02.08.2019 10:31

Казакстандагы жол кырсыгынан эки кыргыз жараны каза тапты, дагы үчөө -оор абалда

Казакстандагы жол кырсыгынан эки кыргыз жараны каза тапты, дагы үчөө -оор абалда

Казакстанда КамАЗ менен жеңил унаанын кагылышынан 5 адам каза тапты, алардын экөө - кыргыз жарандары. Бул туурасында Tengrinews.kz. жазып чыкты.

Маалыматка караганда, кырсык Кызыл-Ордо облусунда болгон. Батыш Европа -Батыш Кытай унаа жолундагы «Оазис» комплексинин жанында жеңил унаа менен жүк ташыган унаа кагышкан. Кесепетинде 4 адам окуя болгон жерде жан берип, дагы бирөө райондук оорукананын жандандыруу бөлүмүндө каза тапкан. Алардын экөө Кыргызстан жарандары экени айтылат. Кырсыкка кабылган дагы үч кыргыз жараны дарыгерлердин көзөмөлүндө. Алардын абалы өтө оор.

Жергиликтүү полициянын маалыматына караганда, КамАЗ Түркестандан келе жаткан. Toyota үлгүсүндөгү жеңил унаада кыргыз жарандары болгон. Алдын ала алынган маалымат боюнча, КамАздын айдоочусу эрежени бузуп, жеңил унаанын айдоочусуна жол бербей койгон. Ага карата иш козголду. Эгер күнөөсү далилденсе, 5 жылдан 10 жылга чейин эркинен ажыратылат.