05.08.2019 18:31

Казакстандагы жол кырсыгынан каза тапкан кыргызстандыктардын сөөгү мекенине алып келинди

Казакстандагы жол кырсыгынан каза тапкан кыргызстандыктардын сөөгү мекенине алып келинди

Казакстандын Кызыл-Ордо облусундагы жол кырсыгынан каза тапкан кыргызстандыктардын сөөгү мекенине алып келинди. Бул туурасында Тышкы иштер министрлигинен билдиришти.

Ал эми жаракат алган үч киши Кармакшинск райондук ооруканасында дарыгерлердин көзөмөлүндө жатат. Жакында аларды Кызыл-Ордо облустук ооруканасына которуу маселеси каралууда.

Тышкы иштер министрлиги мекендештердин саламаттыгына жана жол кырсыгы боюнча козголгон кылмыш иштин тергелишине көз салып турарын билдирди. Ошондой эле Алматыдагы башкы консулдуктун кызматкерлери кырсык болгон жерге барып иштин чоо-жайын тактаганы кошумчаланат.

Эскерте кетсек, кайгылуу окуя 1-августта болгон. Казакстанда Батыш Европа -Батыш Кытай унаа жолундагы «Оазис» комплексинин жанында жеңил унаа менен жүк ташыган унаа кагышкан. Кесепетинде 4 адам окуя болгон жерде жан берип, дагы бирөө райондук оорукананын жандандыруу бөлүмүндө каза тапкан. Алардын экөө Кыргызстан жарандары болуп чыккан. Кырсыкка кабылган дагы үч кыргыз жараны дарыгерлердин көзөмөлүндө экени айтылган. 

Жергиликтүү полициянын маалыматына караганда, КамАЗ Түркестандан келе жаткан. Toyota үлгүсүндөгү жеңил унаада кыргыз жарандары болгон. Алдын ала алынган маалымат боюнча, КамАздын айдоочусу эрежени бузуп, жеңил унаанын айдоочусуна жол бербей койгон. Ага карата иш козголду. Эгер күнөөсү далилденсе, 5 жылдан 10 жылга чейин эркинен ажыратылат.