17.07.2018 12:36

Казынага 2 миллион сомдон ашык салыкты төлөбөй жашырып койгон ишкерге кылмыш иши козголду

Казынага 2 миллион сомдон ашык салыкты төлөбөй жашырып койгон ишкерге  кылмыш иши козголду

Жарым жыл ичинде өлкө казынасына 2 миллион сомдон ашык суммадагы салыкты төлөбөй жашырып койгон ишкерге карата кылмыш иши козголду. Бул туурасында КР өкмөтүнүн Экономикалык кылмыштарга каршы күрөшүү мамлекеттик кызматынан билдиришти.

Маалыматка караганда Каржы полициясынын Ош облусунун Кара-Суу, Алай жана Чоң-Алай району боюнча район аралык бөлүмүнүн кызматкерлери өлкөнүн салык мыйзамдарын бузууну аныктоо жана алдын-алууга багытталган ыкчам-иликтөө иш-чаралардын жүрүшүндө салык тууралуу отчетко жалган маалыматтарды киргизүү жолу менен ири өлчөмдөгү салыкты жашырып койгон фактыны ачыктады.  

Текшерүүнүн жыйынтыгы менен «С.» ЖЧКсына 2017-жылдын 1-июлунан 31-декабрына чейинки аралыкта 2 миллион сомдон ашык салык жана төлөмдөр кошумча эсептелди. Мындай жол менен «С.» ишканасы мамлекет казынасына 2 миллион 336 миң 661 сом зыян келтирген деп табылып, 213-берененин (чарбалык субъектилердин кызматтагы адамдарынын ири өлчөмдөгү салыкты төлөөдөн качуусу) негизинде кылмыш иши козголду.  

Учурда Каржы полициясы бул каражатты казынага кайтаруу аракеттерин көрүүдө.