17.10.2019 09:22

Келаткан жылы канча күн эс аласыз? 2020-жылга карата майрам күндөрдүн жылнаамасы

Келаткан жылы канча күн эс аласыз? 2020-жылга карата майрам күндөрдүн жылнаамасы

Эмгек жана социалдык өнүктүрүү министрлиги 2020-жылы кайсы күндөр эс алуу күндөрү катары бекитилгенин жарыялады. Ага ылайык, келаткан жылда кыргызстандыктар 13 күн майрамлашат. 

Жылнаамада «эс алуу күндөрү» деп белгиленген күндөрдүн тизмеси: 

1-январь — Жаңы жыл;
7-январь - Рождество майрамы;
23-февраль — Ата Мекенди коргоочулардын күнү;
8-март — Аялдардын эл аралык майрамы;
21-март — Нооруз майрамы;
7-апрель — Элдик Апрель революциясынын күнү;
1-май — Эмгекчилердин эл аралык күнү;
5-май — Кыргыз Республикасынын Конституциясы кабыл алынган күнү;
9-май — Жеңиш күнү;
31-август — Кыргыз Республикасынын Эгемендүүлүк күнү;
7-8-ноябрь — Тарых жана ата-бабаларды эскерүү күндөрү;
Орозо айт жана Курман айт күндөрү.

Эгер майрамдар дем алыш күнүнө туш келип калса, дем алыш күн майрамдан кийинки жумуш күнүнө которулат.