26.02.2019 12:10

Келдибеков, Бекназаров жана Дүйшөбаев мүлкү тууралуу маалымат алдырууга каршы чыгышты

Келдибеков, Бекназаров жана Дүйшөбаев мүлкү тууралуу маалымат алдырууга каршы чыгышты

Октябрь райондук сотунда бүгүн, 26-февралда Кыргызстандын экс-президенти Алмазбек Атамбаев жана «Апрель» телеканалына каршы доо арыз боюнча кезектеги соттук отурум болуп өттү.

Доо арыз берген тараптан үч саясатчы тең - Азимбек Бекназаров, Кеңешбек Дүйшөбаев, Ахматбек Келдибеков катышты.

Алмазбек Атамбаевдин жактоочусу Кантемир Турдалиев сотко Мамлекеттик каттоо кызматынан доогерлердин мүлкү тууралуу маалымат алып,  мурунку аткаминерлердин байлыктарынын пайда болуу булактарын аныктоону өтүнүч келтирди.

«Апрель»телеканалынын жактоочусу, Медиа полиси институнун өкүлү Ахмат Алагушев  экс-президент Алмазбек Атамбаевдин маегиндеги доочулар нааразы болуп жаткан сөздөргө лингвистикалык экспертиза жүргүзүүнү сунуштады.

Доогер тарап каршы оюн билдиришти. Жыйынтыгында, бир аз убакыт кеңешкенден кийин сот эки өтүнүчтү тең четке какты.

 «Өткөн соттук отурумда доогерлер экспертиза жүргүзүүгө макул болуп жатышкан, бирок, бүгүн ойлору өзгөрүп калыптыр. Башында колдоп, лингвистикалык гана эмес, психилогиялык-лингвистикалык экспертиза жүргүзөлү деп сунушташкан, бүгүн болсо, баш тартышты», - деди Медиа полиси институтунун өкүлү Ахмат Алагушев.  Ал ошондой эле, экспертиза жүргүзүү тууралуу өтүнүч кийинки сот процесстери акыйкат өтүшү үчүн келтирилгенин  билдирди.

Дмитрий Ложников  үч саясатчынын «Апрель» телеканалы эфирдик убакыт берип, алардан такталбаган маалыматты таратканы үчүн кечирим сураса, доо арызды кайтарып алмакпыз» деген сунушу боюнча оюн билдирди.  «Эфирдик убакыт берүү – биз үчүн көйгөй эмес. Бирок, биз туура кылдыкпы-жокпу билиш үчүн соттун чечимин күтөбүз.  Менин жеке оюм боюнча, бул жерде «Апрелдин» күнөөсү жок. Алмазбек Атамбаевдин деңгээлиндеги киши негизсиз сүйлөбөйт», - деди телеканалдын директору. 

Ал ошондой эле, коомчулук телеканалды сотко беришкенин билгенден тартып, аны «биздин сот системасы үчүн сыноо» катары сыпаттап жатышканын билдирди.

«Биз соттон утуп чыккан күндө да саясатчыларга эфирдик убакыт берүүгө даярбыз. «Апрель» телеканалы бардык саясатчылар үчүн ачык», - деди Дмитрий Ложников.

 Судья Альбина Жээнбекова тараптарда бири-бирине суроосу жок экенин тактап, жок болсо, жарыш сөзгө өтө берүүнү сунуштады.  Алмазбек Атамбаевдин жактоочусу Кантемир Турдалиев эки өтүнүчү тең четке кагылгандыктан, жарыш сөзгө даярдык керек экенин айтып, отурумду кийинкиге жылдырууну сунуштады.  

Жыйынтыгында, кезектеги соттук отурум 28-февралга, саат 9:00гө белгиленди.