06.08.2018 10:44

«Келечек» ишканасында кызматтык абалын кыянаттык менен пайдалануу фактылары ачыкталды

«Келечек»  ишканасында кызматтык абалын кыянаттык менен пайдалануу фактылары ачыкталды

«Келечек» мамлекеттик ишканасынын кызматкерлери кызматтык абалынан кыянаттык менен пайдаланганы ачыкталды. Бул туурасында Экономикалык кылмыштарга каршы күрөшүү кызматынан билдиришти. 

Текшерүү учурунда ишкана чыгымдарды 3 миллион сомдон ашуун каражатка негизсиз жогорулатканы маалым болгон. Бул акча мамлекеттик бюджеттин киреше бөлүгүнө түшмөк. Ошондой эле, эч кандай жүйөөсүз «арзан жана бат бузулуучу предметтерди сатып алабыз» деген шылтоо менен  400 миң сомдон ашык акчаны эсептен чыгарып коюшкан.

3 миллион 970 миң 400 сомго кызмат көрсөтүү сатып алуу да тартип бузуулар менен жүргөн. Накталай эмес эсептешүү тууралуу өкмөт менен Улуттук банктын токтомунун талаптары дагы бузулган. Жумушчуларга айлык акы накталай түрдө берилип, ошондой эле, 5 миллион сомго товардык-материалдык баалуулуктар менен кызмат көрсөтүүлөр сатылып алынган. 

Чогулган материалдардын негизинде 221-берене (коммерциялык уюмдун кызматкеринин кызмат абалынан кыянаттык менен пайдалануусу) боюнча кылмыш иши козголуп, териштирүү иштери жүрүүдө.