16.09.2019 15:04

Кеминде кайрымдуулук фонду аз камсыз жүз үй-бүлөгө үй салып берди

Кеминде кайрымдуулук фонду аз камсыз жүз үй-бүлөгө үй салып берди

Кувейттик «Ас-Сафа» кайрымдуулук фонду Кемин районунда аз камсыз болгон 100 үй-бүлөгө үй куруп берди.

Социалдык шаарча куруу үчүн Чым-Коргон айылынан 2,5 гектар жер бөлүнүп берилген. Уюм куруу иштерин ушул жылдын май айында баштап, күзгө карата бүтүрдү.

Уюм бир кабаттуу, төрт батирлүү 25 үй курган. Ар бир батирдин өзүнүн тосулган бакчасы, меши жана жуунуучу жайы бар. Ошондой эле, эмеректер, техника, идиш-аяктарынан өйдө коюлган. Батирлер экиден ашык жашы жете элек балдарды тарбиялап жаткан жесир жана жалгыз бой аялдарга берилди. 

Андан сырткары, 25 орунга эсептелген тигүү цехи, ФАП, азык-түлүк дүкөнүн, мечит, футбол талаасын камдап берген. 

Шаарчаны куруу үчүн борбор 97 млн. сомдой акча короткону айтылат.  

Буга чейин аталган фонд Чүй облусунун Москва районунун Садовое айылында 68 аз камсыз болгон үй-бүлөгө үй куруп берген.