10.05.2018 17:18

Кенияда дамба жырылып, 38 адам суу алдында калып каза тапты

Кенияда дамба жырылып, 38 адам суу алдында калып каза тапты

Кенияда дамбанын жырылышынан каза тапкандардын саны 38 адамга жетти. Бул туурасында өрөөндүн кылмыш иштерин иликтөө департаментинин башчысы Рифт Гидеон Кибунджа жергиликтүү Capital FM радиостанциясына билдирди. Буга чейин  20 адам курман болуп, 39 адам жаракат алганы кабарланган.  

"Азыркы учурга карата 38 дене табылды, издөө-куткаруу иштери уланып жатат", -деп билдирди Кибунджа.

Бейшембиге караган түнү Субукиа районундагы "Пател" дамбасынын жээгин суу жеп кеткен. Мындан улам, калк жыш жайгашкан бир нече айыл суу алдында калган. Буга чейин дамбанын жырылышынан улам болгон суу каптоо, кыйроолордон 2,5 миңге жакын адам жабыркаганы кабарланган. Жергиликтүү бийлик өкүлдөрүнүн айтымында, кырсык болгон жерден элди көчүрүү иштери жүрүүдө.