27.06.2018 09:00

Самса жасап саткандарга мышыктын этин жеткирип берип турган жаран абакка кесилди

Самса жасап саткандарга мышыктын этин жеткирип берип турган жаран абакка кесилди

Кениянын ири шаарларынын бири Накуруда самса жасап саткандарга 6 жыл бою мышыктын этин жеткирип турган киши абакка кесилди. Бул туурасында чет элдик басылмалар жазып чыкты.  

34 жаштагы Джеймс Кимани мышыктарды этин сатуу үчүн атайын  өлтүрүп жүргөнүн мойнуна алды. 6 жылдан бери анын колунан миңден ашуун мышык ажал тапкан. Этти ал жергиликтүү көчө соодагерлерине, ошондой эле мейманканаларга сатчу. Жалпысынан бул бизнесинен жаран 5 миң долларга жакын акча жасаган. Андан сырткары, ар бир мышыктын териси үчүн 5 доллар алып турган. 

Анын айтымында, бул бизнесин 2012-жылы - самса жасап саткандардын этке муктаждыгын көргөн соң  баштаган. Ал кардарларына эт мышыктыкы экенин айтчу эмес.  

Шылуун 24-июнда оорукананын жанында мышыкты союп жатканда байкалып калып,  камакка алынган.  Маалыматта, жаалданган топ аз жерден Киманини сотсуз эле өлтүрүп кое жаздашканы айтылат.  

Сотто кениялык жаран мышыктын этин сатууга мыйзамда тыюу салынганын билбегенин айтты. Жыйынтыгында, аны 3 жылга эркинен ажыратышты. Андан тышкары, 2,5 миң доллар айып пул төлөөгө милдеттендирилди.