02.10.2018 16:25

Ит жырткыч эмес, адам жырткыч

Ит жырткыч эмес, адам жырткыч

Баш калаада жаныбарларга кордук көрсөткөн мыкаачылар көбөйдү. Жаныбарларды коргоо уюмдарынын өкүлдөрү аеосуз сабалган ит-мышыктарды байма-бай табышууда. Оозун байлап, үй жандыктарын аткылап салган ырайымсыздар арбыды. Жада калса, жаңы туулган күчүктөрдү таштандыга төккөндөр да бар. Жолбун жандыктарды ит атарлардан сактаган "көмүскө" жайлар да ачылыптыр. Жарандар интернет аркылуу көчөдөн тапкан жаныбарын убактылуу кармай турган жерге эки миңге бир айга таштап кетсе болот. Кененирээк кабарчыбыз Айнура Исмаилованын материалында: