12.10.2018 11:33

Бишкекте кыздардын күнү белгиленди

Бишкекте кыздардын күнү белгиленди

Кечээ бүткүл дүйнө жүзүндө кыздардын күнү белгиленди. UNICEF фондунун колдоосу менен Балдарды коргоо борбору "Жандуу айкел" аталышындагы акция өткөрдү. Мындай ыкма менен уюштуруучулар биздин өлкөдөгү аялзатынын бузулуп жаткан укуктарына көңүл бурууну көздөшкөн. Шаардыктар өзгөчө көрсөтүүгө күбө болушту.

Кыймылсыз турган, гримделген адамдар музыка башталаар замат, кыймылга келишип, 3 сценарийди көрсөтүшөт. Башкы көйгөй "Ала качуу" анда кыздын эркине каршы эле жоолук салганга аракет кылышат. Экинчиси көп балалуу эне кызын окууга жибербей, иштетип жатканы, үчүнчүсүндө кыз атасынан футбол кружогуна барууга уруксаат ала албай кыйналат. Атанын оюнда футбол кыздардын оюну эмес. Видеосу төмөндө: