29.05.2019 09:11

"Кыялдар атласы": Кыргызстандагы кыздардын кыялдары кандай?

"Кыялдар атласы": Кыргызстандагы кыздардын кыялдары кандай?

Бишкетеги Ала-Тоо аянтында Кыргызстандагы кыздардын кыялдарына арналган “Кыялдар атласы” сүрөт көргөзмөсү ачылды. Анда жалпысынан 46 кыздын кыялы, келечектеги максаттары чагылдырылат.

Жигердүү жаштар тобу өлкөнүн жети дубанын кыдырып, 11ден 19 жашка чейинки кыздарды сүрөткө тартып, кыялдарын бир жыл бою чогултушкан. Көргөзмө кыздардын максаттары менен бөлүшүү, аларга шык берүү жана кыялдарын орундатууга көмөк көрсөтүү максатын шарттайт.