24.10.2018 17:17

Бишкекте үй жаныбарларын алып жүрүү эрежелери иштелип чыгат

Бишкекте үй жаныбарларын алып жүрүү эрежелери иштелип чыгат

Бишкек мэриясы күчүк-мышыктары шаарда алып жүрүү эрежелерин иштеп чыгат. Бул тууралуу шаар бийлигинин маалымат кызматы билдирди. Учурдагы токтом үй жандыктарын парктарга, скверлерге жана башка коомдук жайларга алып чыгарууга тыюу салат. Бирок аларды жоопкерчиликке тартуу механизмдери иштелген эмес. Шаардыктардын пикири эки жээке бөлүнгөн. Айрымдары айбанаттарды адамдаран оолак кармаш керек десе, кээ бирлери мэриядагылар иттерден мурда, таштанды ыргыткан мадниятсыз тургундарды айыпка салбайбы деп нааразы. Ал эми үчунчулөрү мэр үчүн шаарда башка маселе калбай калдыбы деп кыжырынышат.