29.01.2019 17:40

Кенжебек Бокоев: Өмүрбек Бабановду өзү парламентке алып келген депутаттар сатып кетти

Кенжебек Бокоев: Өмүрбек Бабановду өзү парламентке алып келген депутаттар сатып кетти

«ЖК имаратына сөзсүз костюм-шым, галстук менен кириш керек дегенди мен колдой бербейм. Галстукту парламентке бара жатканда гана тагынам», -деп билдирди Жогорку Кеңештин (Республика-Ата Журт фракциясы) депутаты Кенжебек Бокоев «Апрель» телеканалынын «Кеп көөрүк» берүүсүнө берген маегинде. 

Кенжебек Бокоев бир саат бою 4 алып баруучунун суроолоруна жооп берди. Алардын арасында «Республика-Ата Журт» фракциясынын мурунку лидери, ЖК кабыл алып берген мыйзам долбоорлор, мурунку-азыркы бийлик, алдыдагы парламенттик шайлоо тууралуу суроолор болду.

«Биздин лидерибиз Өмүрбек Бабановдун сыртта жүргөнүн мен саясий куугунтук деп ачык эле айтып жүрөм. Ал мандатын, фракция лидерлигин тапшырып кеткенден бери Бабанов менен телефон аркылуу байланышып турам. Сүйлөшкөндө фракция жумуштарына киришпейт. Өзү алып келген [парламентке] 28 депутаттын 20сы анын фракция лидерлигинен кетишине макул болуп, кол коюп берген. Бир аз куугунтук болсо эле, сатып кеткен депутаттарга ал өтө капа», -деди эл өкүлү.  

Анын айтымында, депутаттык ишмердигине бир туугандары кийлигишпейт. Эч кимиси сын айтпайт, кеңеши менен тажатпайт.

«Өзүм он бир тууганмын. Аялым да, бир туугандарымдын бирөөсү да, жадагалса, алардын аялдары да мамлекеттик кызматта иштешпейт. Өздөрү мамлекеттик кызматта иштеп көрбөгөндөн кийин, бири да менин ишиме аралашпайт. Мындай кыл, тигиндей кыл деп кеңеш айтпайт. Бирок, менин айыл менен катышым эч качан токтогон эмес. Айылга барганда жоро-жолдош, аксакалдар менен сүйлөшүп,  саясаттын баарын ошол жактан угам. Негизи эле бизде болуп жаткан былыктарга, интригаларга айылдагылар өтө жакшы баа берет.  Мен барганда «Сен туура айтып, депутат катары өз позицияңа туруп атасың» деп колдошкону - мен үчүн эң чоң баа», -дейт Бокоев.  

Ал ошондой эле балдарын кандай мектептен окутуп жатканы, эмне себептен коомдук мончого барбай турганы жөнүндө кеп салды.

Маектин толук бөлүгүн бүгүн саат 21:00дө «Апрель» телеканалынын «Кеп көөрүк» берүүсүнөн көрүңүздөр.