10.10.2018 16:51

Киевде КР Элчилигинин кызматкеринин кызматтык унаасын айдай качышты

Киевде КР Элчилигинин кызматкеринин кызматтык унаасын айдай качышты

Киевдин Печерский районунда 10-октябрга караган түнү Кыргызстан Элчилигинин кызматкеринин  дипломаттык номер илинген кызматтык унаасын айдай качышты. Бул туурасында Украинанын Улуттук полициясына шилтеме берүү менен ЖМКлар жазып чыкты. 

Элчилик кызматкери өзүнүн дипломаттык номер илинген «Toyota Highlander» үлгүсүндөгү жаңы кызматтык унаасын  Курганский көчөсүндөгү үйүнүн жанына токтоткон. 10-октябрь күнү эртең менен жумушка барайын деп, унааны таппай калган. 

Унааны айдай качуу  фактысы менен полиция кылмыш ишин козгогону айтылат.