02.09.2019 10:00

Киевде курал-жарак жана граната алып жүргөн кыргыз жараны кармалды

Киевде курал-жарак жана граната алып жүргөн кыргыз жараны кармалды

Киевдеги супермаркеттердин биринин унаа токтотуучу жайынан сумкасына 3 граната, тапанча жана окторду салып жүргөн кыргыз жараны кармалды. Бул тууралуу Информатор сайты жазды.

Маалыматка ылайык, окуя кечээ, 1-сентябрда саат 15:15 чамасындо болгон. Полиция кызматкерлери Novus супермаркетинин унаа токтотуучу жайынан шектүү көрүнгөн Lexus унаасын байкашкан. Айдоочу унаадан түшкөн маалда, полиция анын жанына барып документин талап кылган. Айдоочу тапанчасын алып чыгып, полицияны коркутуп качып кетүүгө аракет жасаган, бирок ал колго түшүрүлдү.

Тартип сакчыларынын баамында, анын адам уурдоого катыштыгы бар.  Lexus унаасындагы дагы эки киши качып кетүүгө үлгүргөн. Айдоочунун жанынан алардын документтери табылды. Учурда аларды табуу аракеттери көрүлүүдө.