11.09.2019 17:57

Кылмышка шектүү тууганын жаап-жашырууга аракет кылган мурунку милиция кызматкери кармалды

Кылмышка шектүү тууганын жаап-жашырууга аракет кылган мурунку милиция кызматкери кармалды

Кылмышка шектүү тууганын жаап-жашырууга аракет кылган мурунку милиция кызматкери кармалды. Бул туурасында УКМКдан билдиришти.

Маалыматка караганда, 10-сентябрда Чүй облусунун ШИИБ КМК уюшулган кылмыштуулукка каршы күрөшүү бөлүмүнүн мурунку кызматкери К.Бапышов кармалды. Ал «Жал» кичирайонунда болгон мушташтын күнөөкөрлөрүнүн из жашырып кетүүсүнө көмөктөшкөн деп шектелүүдө.

Эске сала кетсек, ушул жылдын 28-августунда Бишкек шаарындагы Ахунбаев Курчатов көчөлөрүнүн кесилишиндеги «Ярмарка» дүкөнүнүн жанында болгон мушташта КР жарандары К.Сейитбеков жана Ж.Бапышов тарабынан У.Белеков жана А.Молдожиевдер катуу токмоктолгон.

Бул окуядан кийин жерине Чүй облусунун ШИИБ КМК уюшулган кылмыштуулукка каршы күрөшүү бөлүмүнүн кызматкери К.Бапышов кылмышты өз убагында аныктоого тоскоолдук кылуу максатында жана Бишкек шаардык ШИИБ милициянын күзөттөгү кайгуул кызматынын экипажы К.Бапышов менен биргеликте сүйлөшүп алып аталган кылмышка катышкан адамдардын изин жашырган.

Бул окуя Бишкек шаарынын Ленин райондук прокуратурасы тарабынан кылмыштардын жана жоруктардын бирдиктүү реестрине катталып, тергөө иштери УКМК Бишкек шаардык башкы башкармалыгынын тергөө башкармалыгына өткөрүлүп берилген.

Кармалган Кыргыз Республикасынын УКМК тергөө камак жайынын убактылуу кармоочу жайына киргизилишти. Тергөө жүрүп жатат.