26.11.2019 12:00

Кылмыштуулук күчөдүбү? Бишкекте банк тонолду

Кылмыштуулук күчөдүбү? Бишкекте банк тонолду

Бүгүн, 26-ноябрда болжол менен саат 8дер чамасында Бишкектеги банктардын бирин карактап кетишти. Кылмышкерлер милиция кызматкерин токмоктоп, акчаны чогулткан соң, качып кетишкен. Бул тууралуу Kaktus.media күч органдарындагы өз булактарына таянып жазып чыкты.

Кайсы банк филлиалына кол салуу болду азырынча так маалымат жок.

Маалыматка караганда, таң эрте Юнусалиев жана Сухе Батор көчөлөрүнүн кесилишинде белгисиз адамдар ал жакта жайгашкан банктардын филиалына куралчан кирип, милиция кызматкерин сабап, кассадагы акчаларды уурдап, качып үлгүрүшкөн.

Шектүүлөрдү колго түшүрүү үчүн Бишкекте атайын операция башталганы маалымдалат.