04.07.2019 18:27

«Ким жинди? Мен жинди». Сапар Исаковдун кеңешчиси Оксфорддо окуудан баш тартты

«Ким жинди? Мен жинди». Сапар Исаковдун кеңешчиси Оксфорддо окуудан баш тартты

Сапар Исаковдун мурдагы кеңешчиси Талант Султанов Оксфорд университетинде окуу мүмкүнчүлүгүнөн баш тартты. Бул туурасында ал өзү социалдык тармактагы баракчасында билдирди.

«Оксфордго өттүм, каржылык колдоого ээ болдум, бирок... калууну чечтим. Мындан ары да саясий туткун Сапар Исаковдун укугун коргоону уланта бермекчимин. #FreeSapar Ким жинди? Мен жинди», -деп жазган Султанов Фейсбуктагы баракчасында.

Талант Султанов кесиби боюнча - финансист, 1999-жылы Сан-Франциско, 2006-жылы Колумбия университетинде окуган. 2016-жылы Гарвард университетинде кесиптик билим берүү программасын бүтүргөн. Дүйнөлүк банктын Вашингтондогу штаб-кеңсесинде иштеген. 2017-жылы 4-сентябрда КР ошол кездеги премьер-министри Сапар Исаковдун кеңешчиси болуп дайындалган болчу. Кийин Исаков камакка алынганда, кызматынан кеткен.

Ошондон бери мурунку өкмөт башчынын иши боюнча өткөн сот отурумдарына барып, социалдык тармакта Исаковдун күнөөсүз экенин көрсөткөн материалдар менен активдүү бөлүшүп келет.