01.11.2019 11:54

«Кыргыз көмүр» ишканасынын жетекчисин белгисиз адамдар сабап кетишти (фото)

«Кыргыз көмүр» ишканасынын жетекчисин белгисиз адамдар сабап кетишти (фото)

«Кыргыз көмүр» мамлекеттик ишканасынын жетекчиси Канатбек Ашырбаевди белгисиз адамдар сабап кетишти. Бул туурасында мекеменин маалымат кызматынан билдиришти.

Маалыматка караганда, окуя 30-октябрь күнү түнкү саат 00:30 чамасындаТуңгуч кичирайонундагы №73 мектептин жанында болгон. 30-35 жаштагы эки жигит Ашырбаевге эч себепсиз кол салып, темир түтүк менен урушкан.

Бул факты боюнча жабырлануучу Бишкектин Октябрь райондук ИИБине арыз жазылып, тиешелүү соттук-медициналык экспертиза дайындалды. Басма сөз кызматынын билдиришинче, учурда Канатбек Ашырбаевдин абалы жакшы,  жумушка чыкты.