29.11.2018 16:24

Кыргыз паспортун чет элдик жарандарга мыйзамсыз жасап берген кызматкер кармалды

Кыргыз паспортун чет элдик жарандарга мыйзамсыз жасап берген кызматкер кармалды

Аламүдүн районунун Мамлекеттик каттоо кызматы төрт чет элдик жаранга кыргыз паспортун жасап беришкен. Алардын бири эки жашында каза болгон баланын атынан документ алган. Бул тууралуу ИИМдин маалымат кызматынан билдиришти. 

Маалыматка караганда, иш 2017-жылдын декабрь айында болгон. Чүй облусунун Аламүдүн районунун мамлекеттик каттоо кызматынын калкты паспорттоштуруу жана каттоо бөлүмүнүн кызматкерлери 4 чет өлкөлүк жаранга Кыргыз Республикасынын жаранынын паспортун жасап беришкен.

Аталган документтер алуучулардын катышуусу жок эле даярдалган. Жогорудагы жарандардын Кыргыз Республикасынын жарандыгына тиешеси бардыгы тууралуу корутундусуна комиссиянын толук курамы укук бузууларды байкап туруп, аталган бөлүмдүн 2 кызматкери башчысы менен кошо кол коюп беришкен.

Кыргыз Республикасынын ИИМдин КМКнын 3-башкармалыгынын мыйзамсыз кирешелерди легалдаштырууга каршы бөлүмү тарабынан жүргүзүлгөн кийинки ыкчам текшерүүсүнүн жүрүшүндө дагы бир фактыны аныкташкан. Такталбаган төрт жарандын бирөөсү 1993-жылы туулган Шавкат уулу Давлатхожа атына таандык паспортун алган. Аныкталгандай, жалпы жарандык паспорт 2018-жылы
январда Жалал-Абад шаарынын жарандык абалдын актыларын каттоо бөлүмүндө 1993-жылы 2-декабрда туулгандыгы тууралуу күбөлүктүн негизинде берилген.

Бирок жашаган жерин текшерүү учурунда Шавкат уулу Давлатхожа 1995-жылы эки жашында оорудан каза болгондугу аныкталган. Муну ата-энеси менен жашаган жери боюнча кварталдык комитеттин төрөгасы дагы тастыктаган.

Аламүдүн районунун мамлекеттик каттоо кызматынын калкты паспорттоштуруу жана каттоо бөлүмүнүн кызматкерлери Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2015-жылдын №539 сандуу токтому менен бекитилген “Кыргыз Республикасынын жаранынын жалпы жарандык паспорту боюнча документтерди кабыл алуу жана аларды тариздөө, даярдоо (жекелештирүү), эсепке алуу, берүү жана жок кылуу тартиби жөнүндөгү” инструкциясынын талаптарын бузушуп, ошонун негизинде кызматтык ыйгарым укуктарын кыянаттык менен пайдаланышып, улуттук паспортту такталбаган чет өлкөлүк жарандарга мыйзамсыз беришкен.

Топтолгон материалдардын негизинде Кыргыз Республикасынын кылмыш-жаза кодексинин 304-беренесинин 2-бөлүмү (Кызматык абалын кыянаттык менен пайдалануу), 315-1-беренесинин 2-бөлүмү (Кыргыз Республикасынын жаранынын паспортун мыйзамсыз берүү, ошого тете документке Кыргыз
Республикасынын жарандыгын мыйзамсыз алууга алып келген атайын жалган маалыматтарды киргизүү), 350-беренесинин 5-бөлүмдөрүнө (Документтерди, мамлекеттик сыйлыктарды, штамптарды, мөөрлөрдү, бланктарды колго жасоо, даярдоо, сатуу же алардын жасалмаларын пайдалануу) ылайык кылмыш иши
козголду.

Ыкчам-тергөө иш-чараларынын жыйынтыгы менен жогорудагы кылмыш ишине шектүү катары Аламүдүн районунун мамлекеттик каттоо кызматынын калкты паспорттоштуруу жана каттоо бөлүмүнүн мурдагы башчысы, азыркы учурда түштүк аймактагы калкты паспорттоштуруу жана каттоо бөлүмүнүн башчысы
О.У аттуу кармалып, Бишкек ШИИББдин убактылуу кармоочу жайына киргизилди. Азыркы учурда кылмыш иши Кыргыз Республикасынын ИИМдин Тергөө кызматы иликтеп жатат.


Сүрөттө 1993-жылы туулган Шавкат уулу Давлатхожанын наамына паспорт алган такталбаган жаран.