26.03.2018 13:24

Кыргыз спортчулары Алматада өткөн Шотокан каратэ-до WSKF боюнча кубоктон 10 алтын медаль менен кайтышты

Кыргыз спортчулары Алматада өткөн Шотокан каратэ-до WSKF боюнча кубоктон 10 алтын медаль менен кайтышты

Шотокан каратэ-до WSKF боюнча Казакстандын ачык кубогунда Кыргызстандан барган спортчулар 10 алтын, 7 күмүш жана 15 коло медаль утушту. Бул тууралуу Бишкек шаардык каратэ-до SKIF федерациясынан кабарлашты.

Мелдеш үстүбүздөгү жылдын 25-мартында Казакстандын Алматы шаарында өтүп, ага 200дөн ашуун спортчу катышкан.

Кыргызстандын атынан Бишкек шаардык каратэ-до SKIF федерациясынын жана Аксы райондук каратэ-до федерациясынын спортчулары барган.

Турнир ката жасоо жана кумутэ (спортчулардын жекеме-жеке беттеши) боюнча эки бөлүктөн өтүп, ката жасоо боюнча 6 алтын медаль, кумутэ боюнча 4 алтынга ээ болушкан.

Ошентип 200дөн ашуун спортчу катышкан турнирдин жыйынтыгы боюнча жалпы командалык эсепте Бишкек шаардык каратэ-до SKIF федерациясы биринчи орунду, Аксы райондук каратэ-до федерация экинчи орунду ээледи.