29.11.2018 11:53

«Кыргыз темир жолу» ишканасынын жетекчисинин орун басарын кош жарандуулукка айыпташты

«Кыргыз темир жолу» ишканасынын жетекчисинин орун басарын кош жарандуулукка айыпташты

«Кыргыз темир жолу» мамлекеттик ишканасынын жетекчисинин орун басары болуп казак жарандыгы бар адам иштеп жатат. Бул тууралуу бүгүн, 29-ноябрда Жогорку Кеңештин отурумунда депутат Тазабек Икрамов билдирди. 

Анын айтымында, стратегиялык маанидеги мамлекеттик компанияда казак жарандыгы бар  Алымжан Хасанов аттуу адам иштейт. Мамлекеттик ишканада мындайга жол берилбеш керек. 

«Кыргыз темир жолу» - стратегиялык объект. Бул кызматка аны ким дайындады? Жолдор жана транспорт министрлиги бул чечими үчүн жооп бериши керек», -деди Икрамов. 

Маалыматтарга караганда, Хасанов бул кызматка ушул жылдын сентябрында дайындалган.