21.09.2018 16:38

Кыргыз тилин билбегендер иштен айдалабы?

Кыргыз тилин билбегендер иштен айдалабы?

Кыргызстанда 1600дөй аткаминердин мамлекеттик тил боюнча билим деңгээли текшерилди. Бул тууралуу "Кыргызтест" мекемесинен билдиришти. Белгилей кетсек, өкмөттүн былтыркы токтомуна ылайык: быйыл 25000ден ашуун мамкызматкер кыргыз тил боюнча сынак тапшырууга милдеттендирилген.

Бул саамалык биринчи жолу өтүп жаткандыктан, анын жыйынтыктары азырынча кадрдык саясатка же административдик чара көрүүгө негиз боло албайт, дешет "Кыргызтесттен". Бирок, келечекте ар бир мамлекеттик жана муниципалдык кызматкер тил билими боюнча критерийлерге жооп бериши керек.

Кабарчыбыз Аман Бакиров кыргыз тест мекемесине барып, эне тил боюнча билим деңгээлин текшерип келди.