Кыргыз тилинин фразеологиялык сөздүгүнүн онлайн версиясы түзүлдү

Кыргыз тилинин фразеологиялык сөздүгүнүн онлайн версиясы түзүлдү

Кыргыз тилинин фразеологиялык сөздүгүнүн онлайн версиясы түзүлдү. Бул тууралуу авторлордун бири, "Биздин Мурас" коомдук фондунун директору Чоробек Сааданбеков билдирди.

Маалыматка караганда, сөздүктө фразеологизмдердин чечмелениши көркөм адабияттан жана гезит-журналдан алынган мисалдар менен коштолот.

Онлайн сөздүк - Улуттук илимдер академиясынын Чыңгыз Айтматов атындагы кыргыз тил жана адабият институту менен “Эл-Сөздүк” онлайн сөздүгүнүн биргелешкен долбоору.

-“Кыргыз тилинин фразеологиялык сөздүгү” өнөктөштүктүн алгачкы эле кадамы. Кыргыз тил институтунун башчысы, профессор Абдылдажан Акматалиевдин демилгеси менен жакында интернеттеги "Эл-Сөздүктүн" базасына “Кыргыз тилинин түшүндүрмө сөздүгү”, “Манас” эпосунун сөздүгү”, “Синонимдер сөздүгү”, “Антонимдер сөздүгү” кошулат,- деп билдирет Сааданбеков.