03.04.2019 10:06

Кыргыз жарандарын Сирияга жөнөтүп жүргөн террористтик уюмдун мүчөсү кармалды

Кыргыз жарандарын Сирияга  жөнөтүп жүргөн террористтик уюмдун мүчөсү кармалды

Атайын кызматтар Эл аралык террористтик уюмдардын катарына рекруттарды жөнөтүү каналдарына бөгөт коюу максатында жүргүзүлгөн ыкчам-издөө иш- чараларынын алкагында 24 жаштагы кыргыз жараны А.И. кармашты. Бул тууралуу УКМКнын маалымат кызматынан билдиришти. 

Такталган маалымат боюнча, кармалган адам чет өлкөдө иштеп жүргөндө, 23 жаштагы башка кыргыз жараны  Х.Р. менен байланышта болгон. Х.Р. УКМК тарабынан 2018-жылдын декабрь айында КР Кылмыш-жаза кодексинин 299- беренесинин 2-бөлүмүнүн 1-пункту боюнча күчөтүлгөн режимде жалпы тартиптеги жаза өтөө колониясында 2 жыл 6 айга эркинен ажыратылган.

А.И. көрсөтмөсү боюнча ал чет өлкөдө жүргөн мезгилде, Х.Р.ге ЭТУ иш аракеттерин акча каражаттары менен каржылоо максатында Туркия мамлекетине, андан ары Сирия согуштук зонасына кетүүсүнө жардам берген.

Чогултулган материалдар КР Кылмыш-жаза кодексинин 395-беренесинин 1-бөлүмү (Жалдануучулук, башка мамлекеттердин куралдуу жаңжалдарга же мамлекеттик бийликти кулатууга же аймактык бүтүндүктү бузууга багытталган зомбулук аракеттерге пайдалануу максатында жалдануучуларды азгырып тартуу, каржылоо, материалдык камсыз кылуу, үйрөтүү, ошондой эле жалдануучуларды согуштук чыр-чатактарда же аракеттерде пайдалануу) боюнча кылмыштардын жана жоруктардын бирдиктүү реестрине катталды. Азыркы учурда тергөө иштери жүрүп жатат.