21.05.2019 11:03

Кыргыз-казак чек арасындагы жүк ташуучу унаалар тыгыны: айдоочулар кезекте 5-6 күн күтүүгө аргасыз

Кыргыз-казак чек арасындагы жүк ташуучу унаалар тыгыны:  айдоочулар кезекте 5-6 күн күтүүгө аргасыз

Баягы адат кайра башталды. Коңшу Казакстанга аттанган жүк ташуучу унаалар бир нече күндөн бери чек араны өтө албай, тыгында турушат. Айдоочулардын айтымында, бир күндө болгону 2-3 унаа өткөрүлүүдө.

Коңшулар биздин өлкөдөн барган товарларды текшерүүнү 2 ай мурун күчөткөндөн бери, Ак-Тилек өткөрмө пунктунда тыгындар азайбай келет. Көйгөй жүз бергенден 2 жумадан кийин, өкмөт башчы Мухаммедкалый Абылгазиевдин аракеттери менен абал турукташтырылды деп айтылганы менен, тыгындар азайган жери жок.