16.05.2020 11:20

 Кыргызстанда жүк ташуучу унаанын үч айдоочусунан коронавирус табылды

 Кыргызстанда жүк ташуучу унаанын үч айдоочусунан коронавирус табылды

Кыргызстанда жүк ташуучу унаанын үч айдоочусунан коронавирус аныкталды. Бул тууралуу саламаттыкты сактоо министринин орун басары Нурболот Үсөнбаев брифингде билдирди.

Анын айтымында, коронавирус инфекциясына чалдыккандардын ичинен эки айдоочу – Кыргызстандын жараны, үчүнчү бейтап – казакстандын жараны.

Коңшу өлкөнүн жаранынан чек арадан текст алынган, анын жыйынтыгы вирус бар экенин көрсөткөн. Бул маалымат Казакстандын Кордай районуна кабарланды.

Учурда коронавирус инфекциясына чалдыккандардын саны 1117 адамга жетти. Алардын ичинен 783 адам айыгып чыкты. 14 адам көз жумган.

11-майдан тартып Кыргызстан боюнча өзгөчө кырдаал абалы күчүндө. Коомдук транспорт жүрө элек. Жолдо жүрүү үчүн буга чейин алынган уруксаат кагаздар жокко чыгарылган.