15.03.2018 16:35

Кыргыз-орус өнүктүрүү фонду Ысык-Көл облусунун ишкерлерин колдоого алды

Кыргыз-орус өнүктүрүү фонду Ысык-Көл облусунун  ишкерлерин колдоого алды

15-мартта Ысык-Көл облусунда облус жетекчилиги, айыл өкмөт башчылары менен Кыргыз-орус өнүктүрүү фондунун өкүлдөрүнүн жолугушуусу өттү. Бул тууралуу Өкмөттүн Ысык-Көл облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлүнүн маалымат кызматынан билдиришти. Анда аймактагы долбоорлорго  каржылык  колдоо көрсөтүү боюнча бир топ маселелер талкууланды.   

Кыргыз-орус өнүктүрүү фондунун башкармалыгынын төрагасы Эркин Асрандиевдин маалыматында, азыркы учурда облус боюнча 99 долбоор жактырылды. «Сунушталган долбоорлордун көпчүлүгү талапка жооп бербейт. Мисалы, өзүнүн жеке салымы жетишсиз, же болбосо, долбоору чийки бойдон, өндүрүлгөн продукция кайда жана качан сатылаары тууралуу маалымат жок. Техникалык стандарттар кантип  сакталаары да белгисиз. Көп сандагы долбоордун арасынан жалпы  наркы 23,5 млн долларды түзгөн  99 долбоор гана тандалып алынды»,- деп билдирет Асрандиев. 

Белгилей кетсек, бүгүнкү күндө фонд тарабынан Балыкчы шаарындагы логистикалык борборду куруу каржыланып, ал былтыр иштеп баштаган.