04.10.2018 12:27

Кыргызстан аркылуу КМШга баңгизатын ташыган чет элдик жаран кармалды

Кыргызстан аркылуу КМШга баңгизатын ташыган чет элдик жаран кармалды

Кыргызстан аркылуу өткөн эл аралык баңги каналынын ишине бөгөт коюлду. Бул туурасында УКМКдан билдиришти.

Кечээ, 3-октябрь күнү ыкчам-иликтөө иш чараларынын жүрүшүндө Афганистанда өндүрүлгөн баңгизатын Кыргызстан аркылуу КМШ мамлекеттерине чыгарып турган эл аралык канал аныкталып, ишмердүүлүгүнө бөгөт коюлду.

Каналды уюштурган «Б.А.» аттуу чет элдик жаран 12 кг 810 г афган чаррасын алып өтүүгө аракет кылып, колго түштү. 

Бул факт боюнча 247-берене боюнча кылмыш иши козголду. Кармалган адам УКМКнын убактылуу кармоочу жайына киргизилди. Териштирүү иштери жүрүүдө.