22.06.2019 16:43

«Кыргызстан эли Атамбаев менен!» Экс-президенттин Кой-Таштагы үйүндө жарандык чогулуш өтүп жатат(түз эфир)

«Кыргызстан эли Атамбаев менен!» Экс-президенттин Кой-Таштагы үйүндө жарандык чогулуш өтүп жатат(түз эфир)

Чүй облусунун Кой-Таш айылындагы экс-президент Алмазбек Атамбаевдин үйүндө жарандык чогулуш өтүп жатат. 

Анын катышуучулары экс-президентке колдоо көрсөтүү максатында чогулушкан. Жыйналыш «Кыргызстан эли Атамбаев менен!» урааны алдында өтүп жатат. Иш-чарага жалпысынан 500 жакын киши катышууда.

Эскерте кетсек, 20-июнда Жогорку Кеңеште экс-президентти макамынан ажыратуу боюнча депутаттык комиссиянын корутундусу окулуп, анын жыйынтыгы менен 100 депутат токтом долбоорун колдоп  добуш берген.