14.11.2019 19:42

Кыргызстан футболчулары Японияга 0:2 эсебинде жеңилди

Кыргызстан футболчулары Японияга 0:2 эсебинде жеңилди

Бишкекте өткөн футбол мелдешинде Кыргызстандын улуттук курама командасы Япониянын командасына жеңилип калды.

2022-жылы өтө турган Дүйнө чемпионатынын тандоо турунун алкагындагы мелдеш бүгүн, 14-ноябрда борбордогу Дөлөн Өмүрзаков атындагы стадиондо болду.

Оюндун биринчи бөлүгүнүн 41-мүнөтүндө Япония эсепти ачты. Мелдешти тейлеп жаткан аравиялык калыс оюндун биринчи таймы аяктап бара жатканда пенальти дайындаган. Буга атаандаш команданын чабуул коюп келе жаткан футболчусу Такуми Минаминого дарбазачы Кутман Кадырбековдун колу тийип кеткендиги себеп болгон.

Ал эми каршылаш тарап кийинки топту экинчи бөлүктүн 53-мүнөтүндө киргизди. Натыйжада Япониянын командасы 0:2 эсеби менен жеңүүчү болду.

Япониянын бул жеңиши командалардын тайпалык баскычын өзгөртпөйт. Аталган өлкө лидер болсо, Кыргызстан менен Тажикстан экинчи сапта турат. Кыргызстан экинчи орунда калат, себеби Тажикстан бүгүн Мьянмага 4:3 эсебинде жеңилди.