Кыргызстан мамлекеттик авиакомпаниясы жок калабы?

Кыргызстан мамлекеттик авиакомпаниясы жок калабы?

Мамлекеттик мүлк фонду 2018-2020 жылдары менчиктештирилүүчү  40тан ашуун объектилердин  тизмесине “Эйр Кыргызстан” авиакомпаниясынын 51 пайыз акциясын киргизди. Эгер бул Өкмөттүк программа кабыл алынчу болсо “Эйр Кыргызстандын” башкаруучу пакети көз карандысыз баалоодон өтүп, сатыкка чыгарылат. 

КР мамлекеттик мүлктөрдү башкаруу фондунун мүлктүк мамиле башкармалыгынын жетекчиси Тимур Малбашевдин айтымында, бул  программа Өкмөт тарабынан кабыл алынса, көз карандысыз баалоочу компаниялар жалданат. Алардын кызматы, албетте, акылуу. 51% акциянын баасы аныкталган соң тендер өткөрүлүп, сатыкка коюлат.

Бирок, эсиңиздерге сала кетсек  2016-жылы “Эйр Кыргызстандын” 49% акциясы  188,8 млн сомго бааланып, сатыкка чыгарылган. Бирок, аны алууга кызыктар тарап чыкпагандыктан, аукциондук сынак өткөн жок деп табылган. Ошол эле учурда Кыргызстандын аба кодексине ылайык, мамлекеттик авиакомпаниянын башкаруучу пакетин чет элдиктерге сатууга тыюу салынган. Демек, “Эйр Кыргызстандын” 51% акциясын бир гана жергиликтүү инвесторлор сатып алууга укуктуу. 

“Эйр Кыргызстанды” сатуу демилгеси компаниянын жетекчилигине таандык дешет мүлк фондунун өкүлдөрү. Алардын айтымында,учурда  авиакомпаниянын башкаруучу пакетин алууга кызыккандар көп.  

Айта кетсек,  өкмөт “Ачык асман” долбоорун ишке ашырууну көздөөдө. Ал долбоорго ылайык, эл аралык каттамдагы чет өлкөлүк авиакомпаниялардын учактары Бишкек, Ош шаарларына эркин учуп-конуп, жүргүнчүлөр менен жүктөрдү  ташыганга мүмкүнчүлүк алышат.  Буга жергиликтүү авиакомпаниялар каршы. Анткени, атаандаштыкка туруштук бере албашы мүмкүн. Мындан улам, “Эйр Кыргызстан” авиакомпаниясынын өкүлдөрү банкрот болуп, куру кол калгыча, "Ачык асма" долбоору иштеп баштай электе  мамлекеттик компанияны сатып, пайда табуунун амалын ойлоп жатышкандай.