08.04.2020 17:42

Кыргызстан менен Казакстандын чек арасында 250 жүк ташуучу унаа кармалып турат. Көбү азык-түлүк алып келе жаткан (видео)

Кыргызстан менен Казакстандын чек арасында 250 жүк ташуучу унаа кармалып турат. Көбү азык-түлүк алып келе жаткан (видео)

Бүгүн 8-апрелде Кыргызстан менен Казакстандын чек арасындагы "Ак-Тилек-автожол" өткөрүү пунктунда 250дөн ашык жүк ташуучу унаа топтолуп турат. “Апрелге” айдоочулар видеолорду жөнөттү.

Алардын айтымында, чек аранын казак тарабында да ушундай жагдай байкалат - ал жакта 200гө жакын жүк ташуучу унаа турат. Алардын 60% га жакыны азык-түлүк, калгандары – тетик жана башка жүктөр.

«Жүк ташуучу унаалар үч катар турат. Алардын көпчүлүгү алты күндөн бери чек арада турушат. Бүгүн бир дагы унаа келе элек», - деди айдоочулар.

Мындай тыгындын себеби – казак тараптын жай текшерүү жүргүзүп жатканында экени айтылат. «Өткөрүп жатат, бирок өтө жай», - дешет.