10.09.2019 16:32

Кыргызстан планетаны таштандыдан тазалоо боюнча дүйнөлүк акцияга катышат

Кыргызстан планетаны таштандыдан тазалоо боюнча дүйнөлүк акцияга катышат

21-сентябрда Дүйнөлүк тазалык күнүнүн алкагында миңдеген волонтерлордун катышуусу менен өлкөдө ишембилик өтөт. Бул тууралуу иш-чаранын Кыргызстандагы уюштуруучулары билдиришти. 

Планетаны тазалоо боюнча акция бир эле убакта 150дөн ашуун мамлекетте жүрөт. Миллиондогон тургундар ишембиликке чыгуу менен өзүнүн экологиялык жашоо мүнөзүн жактагандыгын, кийинки муундар үчүн айлана-чөйрөнү, Жерди таза сактоого умтулуусун көрсөтө алышат.

Дүйнөлүк тазалык күнүн өткөрүү идеясы Эстониянын активисттерине таандык. «Жасайлы!» кыймылы дал ушул өлкөдө пайда болгон, ага быйыл 10 жыл болду. Бул жылдардын ичинде ишембилик эл аралык акция болууга жетишип, дүйнө жүзү боюнча 18 миллион адамды тарта алды.

Дүйнөлүк тазалык күнү коомчулуктун көңүлүн өлкөдөгү жана дүйнөдөгү экологиялык абалга бурууга багытталган. Айлана-чөйрөнүн булганышы боюнча көйгөй жыл сайын миллиондогон адамдардын өмүрүн алууда, активисттер жарандарды ишмебиликке гана кошулбастан, ошондой эле коомдук жерлердеги тазалыкты үзгүлтүксүз сактоо, ресурстарды сарамжалдуу пайдалануу жана аларды туура иштетүү тууралуу ойлонууга чакырат.

«Жасайлы!» дүйнөлүк кыймылынын расмий өлкөлүк өнөктөшү катары «Эко Деми» Коомдук фонду чыгууда. Кампанияны КР Президент Аппараты, КР Өкмөтүнүн Аппараты, коомдук уюмдар, мамлекеттик жана коммерциялык компаниялар колдоодо.

Биринчи жолу Кыргызстан глобалдык ишембиликке 2018-жылы кошулган. Чүй, Талас, Ош, Жалал-Абад, Баткен жана Нарын облустарынан миңдеген катышуучулар 90дон ашык локацияны, анын ичинде суу сактагычтарды, капчыгайларды, парктык зоналарды, токой тилкелерин жана каналдарды бир күндүн ичинде жарымынан көбүн пластик, төрттөн бир бөлүгүн – айнек түзгөн 8 миңден бир аз азыраак  тонна таштандыны топтоп, тазалашты.

2018-жылы Кыргызстандагы акция 400 000 ашуун адамды тартты. А бул өлкөнүн ишке жарамдуу бөлүгүнүн 11,42% - бул республика үчүн буга чейин болуп көрбөгөн көрүнүш жана ал дүйнөлүк кыймылдын уюштуруучулары тарабынан Таллинде белгиленген. Кыргызстан калктын үлүшүнө карата акциянын катышуучуларынын саны боюнча эң активдүү жети мүчө-мамлекеттин катарына кирди.