18.04.2019 12:37

Кыргызстан Социал-демократиялык партиясы кайра каттоодон өткөн жок

Кыргызстан Социал-демократиялык партиясы кайра каттоодон өткөн жок

Кыргызстан Социал-демократиялык партиясы кайра каттоодон өткөн жок. Бул туурасында April.kg порталына Юстиция министрлигинен билдиришти.

Мекеменин маалыматына караганда,  аларга болгону «Кыргызстан социал-демократиялык партиясынын» жетекчилиги, саясий кеңешинин курамы жана партиянын жайгашкан жерин алмаштыруу жөнүндө Сагынбек Абдрахмановдун колу коюлган кабардама келип түшкөн.  

« Министрликтин дарегине «Кыргызстандын социал-демократиялык партиясын» кайра каттоо тууралуу документтер түшкөн жок.  Болгону жетекчилик, саясий кеӊештин курамы жана партиянын жайгашкан жери  алмашканы тууралуу кабардама келди, ага 2019-жылдын 3-апрелинде өткөн 18-съезддин протоколунун жана Сагынбек Абдрахмановдун паспортунун көчүрмөсү тиркелиптир. Мыйзамга ылайык, юридикалык жак жетектөөчү органынын курамы,  жайгашкан жерин  өзгөртүү тууралуу чечим кабыл алган  учурдан тартып 30 календардык күндүн ичинде каттоочу органга маалымдоого милдеттүү», -дешет министрликтен.

Мекемеден белгилешкендей, бул учурда  каттоочу органга жаӊы жетекчини тандоо жана жайгашкан жерин өзгөртүү жөнүндө чечимди, ошондой эле паспорттун же инсандыгын күбөлөндүргөн башка документтин көчүрмөсүн тиркөө менен, юридикалык жактын жетекчисинин колу менен кабардама берилет. Юстиция министрлиги үчүн аталган билдирүү кабарландыруу мүнөзүндө болот.

«Кабарландыруу мүнөзү документтерде көрсөтүлгөн маалыматтардын тууралыгы жана ишенимдүүлүгү үчүн юридикалык жоопкерчилик арыз ээсинде болушун талап кылат. Мындай учурларда каттоочу орган кабардаманы алып, 7 жумушчу күндүн ичинде мамлекеттик реестрге тиешелүү маалыматтарды киргизет жана бул жөнүндө тиешелүү мамлекеттик органдарга кабарлаш керек. Андыктан, бул иш-аракеттер Юстиция министрлиги тарабынан мыйзамда белгиленген тартипте жасалган», -деп билдиришет Юстиция министрлигинен.

 Эскерте кетсек, бүгүн Юстиция министрлигинин юридикалык жактардын электрондук маалымат базасында «Кыргызстан социал-демократиялык партиясынын»  документине өзгөрүүлөр киргизилип, Атамбаев Алмазбек Шаршеновичтин  ордуна  Абдрахманов Сагынбек Үмөталиевич деп жазылганы тууралуу маалымат чыккан.