11.11.2019 09:00

Кыргызстан үчүн бирге! Футбол федерациясы алдыдагы беттештин проморолигин жарыялады

Кыргызстан үчүн бирге! Футбол федерациясы алдыдагы беттештин проморолигин жарыялады

КР Футбол федерациясы 2022-жылкы дүйнө чемпионатынын тандоо турунун алкагында өтчү беттешке карата тартылган промо роликти жарыялады.

Эскерте кетсек, Кыргызстандын курама командасы Япония жана Тажикстандын футболчулары менен күч сынашат. 

Аталган эки оюн тең Бишкектин Дөлөн Өмүрзаков атындагы стадионунда өтөт. Тагыраак айтканда, Кыргызстан 14-ноябрда Япония, 19-ноябрда Тажикстан менен футбол талаасынан кездешет.

Футбол федерациясы проморолигинде чемпионатка чыгуу үчүн кармаш улана турганын белгилеп, күйөрмандарды стадионго келип, улуттук команданы колдоп-сүрөөгө чакырат.

Буга чейин кыргызстандык футболчулар тажикстандыктардын талаасында беттешип, 0:1 эсебинде утулуп калган. Ал эми өз үйүндө Мьянманы 7:0 эсебинде жеңип алган. Андан соң Улан-Баторго барып монголиялык атаандаштарын 1:2 эсебинде утуп келишкен.