08.04.2020 09:00

Кыргызстанда 156 миң 300 адам жумушсуз

Кыргызстанда 156 миң 300  адам жумушсуз

Улуттук статистика комитетинин маалыматына ылайык, өлкөдөгү жалпы жумушсуздардын саны 156 миӊ 300 адам. Бул туурасында Эмгек жана социалдык өнүгүү министри Улукбек Кочкоров маалымат жыйында билдирди. Анын айтымында иш менен камсыз кылуу кызматтарында каттоодо турган жалпы жумушсуздардын саны 97 миӊ 400 адамды түзөт.

«Анын ичинен расмий жумушсуздардын саны 78 миӊ адам. Жумушсуздук боюнча жөлөкпул алгандардын саны 155 адам, анын өлчөмү 300 сом. Ай сайын 25 категориядагы жарандар жеңилдиктердин ордуна 1000 сомдон 7000 сомго чейинки өлчөмдөгү акчалай компенсацияларды алышат. Алардын саны 41 миң 200 адам», – деди Улукбек Кочкоров.

Ошондой эле мамлекеттик жөлөкпул, жеңилдиктердин ордуна акчалай кенемте, ден соолугунан мүмкүнчүлүгү чектелген балдарды баккан жеке ассистенттердин айлыктары, асырап алган үй-бүлөлөргө жана убактылуу үй-бүлөлөрдө тарбияланган балдарга берилүүчү каражаттар өз убагында толук төлөнөт деп комушчалады.