01.03.2018 15:13

Кыргызстанда 404 мектеп окуучусунан кургак учук оорусу аныкталды

Кыргызстанда 404 мектеп окуучусунан кургак учук оорусу  аныкталды

2017-жылы Кыргызстанда кургак учук оорусу менен ооруган 404 мектеп окуучусу аныкталган. Алардын арасында ачык түрү менен ооругандар да бар. Бул тууралуу бүгүн Жогорку Кеңештин отурумунда Улуттук фтизиатрия борборунун башчысы Абдулат Кадыров билдирди. 

Анын айтымында, бул оору менен ооруган балдардын жыйырмага жакыны кургак учуктун ачык түрүнө чалдыккандар. 

Медиктердин айтымында, өлкөдө кургак учук менен ооругандардын саны жыл санап азаюуда. "Мисалы, 2016-жылы республикада 5 миң 680 оорулуу катталса, 2017-жылы алардын саны 5 миң 570ти түзгөн. Оорунун айынан каза тапкандардын да саны азаюуда", - деп белгиледи Абдулат Кадыров