06.11.2019 10:09

Кыргызстанда активдүү экстремисттик аракеттерди жасаган «Хизбут-Тахрирдин» мүчөсү кармалды

Кыргызстанда активдүү экстремисттик аракеттерди жасаган «Хизбут-Тахрирдин» мүчөсү кармалды

Издөөдө жүргөн «Хизбут-Тахрир» диний экстремисттик уюмунун мүчөсү кармалды. Бул туурасында УКМКдан билдиришти. 

КР УКМК диний экстремисттик жана террористтик уюмдардын мыйзамсыз иш-аракеттерине каршы күрөшүү иш-чараларынын жүрүшүндө Бишкек шаарында «Хизбут-Тахрир» диний экстремисттик уюмдун «амири», коңшу мамлекеттин жараны Ш.Т кармалды.

Ал Кыргызстандын аймагында диний экстремисттик уюмдардын жашыруун ячейкаларынын иш-аракеттерин жетектеп жүргөн.

Такталгандай, кармалган адам коңшу мамлекеттердин биринде «Хизбут-Тахрир» диний экстремисттик уюмуна катышкандыгы үчүн эл аралык издөөдө жүргөн.  Ш.Т. жасалма паспорт колдонуп, Кыргызстандын аймагында активдүү экстремисттик аракеттерин жасаган. КР Кылмыш-жаза кодексинин 359-беренесинин 3-б, 39-беренеси жана 358-беренесинин 1-б. боюнча Кылмыштардын жана жоруктардын бирдиктүү реестрине катталып, КР УКМК тергөө органдары тарабынан кармалган адамга карата сотко чейинки өндүрүш башталды.

Кармалган адам Бишкек шаарынын №1-Тергөө камак жайына киргизилди. Тергөө жүрүп жатат.