29.05.2018 17:25

Кыргызстанда бачабаздарга кандай сот өкүмдөрү чыгарылат?

Кыргызстанда жаш балдар кордукка кабылган окуялардын саны өсүүдө. ИИМдин билдирүүсүнө караганда, 2017-жылы жаш балдарга сексуалдык кордук көрсөткөн 151 факты катталган. Мындай окуялардын баардыгы эле кылмышкердин өз жазасын алышы менен аяктабайт. Мисалы, Жалал-Абад облустук соту жаш балдарга кол салган жаранды 8 жылдык жатак абагына кесип койгон. Бачабаздарга байланышкан окуяларга жана аларга болгон соттордун мамилесине токтолобуз.