05.05.2020 12:18

Кыргызстанда чет өлкөлүк жарандар үчүн «жашыл коридордун» мөөнөтү узартылды

Кыргызстанда чет өлкөлүк жарандар үчүн «жашыл коридордун» мөөнөтү узартылды

Тышкы иштер министрлигинин сунушу менен Өкмөт Кыргызстанда чет элдик жарандар жана ошондой эле жарандыгы жок адамдар үчүн «жашыл коридордун» мөөнөтүн узартты. Бул тууралуу тышкы иштер министрлигинин маалымат кызматы билдирди.

Өлкөдөгү бир нече аймакта өзгөчө абал режими 11-майга чейин узартылганын, ошондой эле чет өлкөлөр менен аба байланышы убактылуу токтоп, чек аралар жабылганын эске алуу менен «жашыл коридордун» мөөнөтүн 2020-жылдын 1-июнуна чейин узартуу чечими кабыл алынды.

Ага ылайык, учурда Кыргызстандын аймагында виза менен жана визасыз тартипте жүргөн чет элдик жарандар, ошондой эле жарандыгы жок адамдар өлкөдөн 2020-жылдын 1-июнуна чейин чыгуу визаларын тариздебестен жана келген жеринде каттоосуз Кыргызстандын аймагынан чыгып кете алышат.

Буга чейин өкмөт чет элдик жарандарга жана жарандыгы жок адамдарга «жашыл коридор» ачылганын билдирген болчу.

Белгилей кетсек, учурда республика боюнча коронавируска кабылгандардын саны 843 адамга жетти. Алардын ичинен 600 адам айыгып чыкты. 11 кыргызстандык өз жумду.

23-марттан тартып, 10-майга чейин Бишкек, Жалал-Абад, Ош шаарларында жана Нарын облусунун Ат-Башы районунда өзгөчө абал күчүндө болот. Өлкөнүн калган аймактарында өзгөчө кырдаал калтырылган.