05.04.2020 17:38

Кыргызстанда IV чейректин сабактары онлайн бериле баштайт

Кыргызстанда IV чейректин сабактары онлайн бериле баштайт

Билим берүү жана илим министрлиги мектептерде IV чейректи дистанттык негизде окутууга даярдыкты улантууда. IV чейректин сабактары 8-апрелден тартып бериле баштайт. Бул тууралуу Билим берүү жана илим министрлигинен маалымдашты.

КТРКнын “Баластан” берүүсү аркылуу 1-4-класстын окуучулары жана бала бакчалардын бүтүрүүчү тайпалары үчүн сабактар берилет. Ал эми 5-11-кластын окуучулары үчүн ЭлТРдин “Илим Билим” жана “Санат”, “Пирамида”, “5-каналдарынан” көрсөтүлөт.

Ошондой эле өтүлгөн видеосабактар, окуу материалдары, электрондук китептер, теледен кетчү сабактардын жадыбалы, кошумча адабияттар, тапшырмалар, мугалимдер үчүн колдонмолор, өнүктүрүүчү оюндар, тесттер ж.б. министрлик тарабынан түзүлгөн oku.edu.gov.kg порталына жүктөлөт.